Бүгүн, 4-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Оюн «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.
Достук турнири «Президенттин администрациясы жана «Ден-соолук» командаларынын оюну өттү. «Президенттин Администрациясы» Алымкадыр Бейшеналиев баштаган команданы 4:0 эсебинде жеңип алды.
Ошентип, "Президенттин Администрациясы" командасы 6 упай топтоп, тайпада биринчи орунду ээледи жана кийинки баскычка чыкты.
1-турда президенттик аппараттын командасы "Жогорку Кеңешти" 4:1 эсебинде уткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн