Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

С.Жапаров министр У.Ниязбеков менен жолугушту. Алар эмнени талкуулашты?

19.10.2020 15:53
657
С.Жапаров министр У.Ниязбеков менен жолугушту. Алар эмнени талкуулашты?

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөтүү жүргүзүүдө.

Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыгын белгиледи.

"Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек», - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров алдыга белгиленген реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрлик алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сапар Алибаевич
Видно, что серьезный мужик. Будет хорошим министром. Удачи в истреблении преступности.