Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров инвесторлор менен маморгандарга кайрылуу жасады

28.12.2023 09:11
609
Садыр Жапаров инвесторлор менен маморгандарга кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлор жана мамлекеттик органдарга кайрылды.

Текстти толугу менен келтиребиз:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.

Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат.

Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат.

Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.

Инвесторлорго эскертүү:

Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.

Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.

“Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун.

Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн