Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров ыр менен кайрылуу жасады

04.02.2021 15:35
620
Садыр Жапаров ыр менен кайрылуу жасады

КРнын президенти Садыр Жапаровдун кезектеги кайрылуусу телеграмм каналы аркылуу тарады. Садыр Жапаровдун ыр коштолгон кайрылуусу төмөндө:


"Аккан суудай шар агабыз шашылып

Адашпайлы биз адамдар аңтарылып, чачылып.

Кээде байкап кээ бир кээ бир адамдардын мүнөзүн

Таң каласын айлаң кетип баш кагып.


Урматтуу мекендештер, келечекти тегиз калыс карайлы.. Биз баардыгын жеңебиз. Жеңишке жетүү үчүн бир гана Элдин ишеними бекем болуусу керек!


Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат, ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт.


Ал арада жаңы даярдалган конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө.


Жаңы кабыл алынган конституциянын жана жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, жаңы таза профессионал кадрлар дыкат конскурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт.


Премьер-министр кызматы жоюлат, ошону менен кошо бирин бири кайталаган мамлекеттик иш каналар кызматтар жокко чыгарылат.


Бул этап процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мурун да бироосу ырдап чыкты еле.