Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга жөнөп кетти. Делегация курамында кимдер бар?

09.06.2021 08:47
1303
Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга жөнөп кетти. Делегация курамында кимдер бар?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасына, Анкара шаарына жөнөп кетти.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.


Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.


Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.


Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.


Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:


— Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;


— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


— Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;


— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;


— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;


— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;


— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;


— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;


— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;


— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;


— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн