Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн