Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага барды (Видео)

24.02.2021 15:34
863
Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага барды (Видео)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына, Россия Федерациясына келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


Ошондой эле Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.


Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн