Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга келди

14.09.2023 13:24
321
Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга келди


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

- КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;

- КР энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн