Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров качан ант берип, кызматына киришет?

11.01.2021 11:42
865
Садыр Жапаров качан ант берип, кызматына киришет?


10-январдагы президенттик шайлоодо 79,2 % добуш менен алдыга чыккан Садыр Жапаров эми добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыккандан кийин ант берип, кызматка киришет. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жапаровдун инаугурациясы шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде болушу керектигин айтты. Ал ага чейин добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралышы керектигин белгиледи.  


БШКнын төраймынын айткандарына таяна турган болсок, Жапаровдун ант берүү аземи февраль айынын орто ченинде болуп калышы ыктымал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн