Садыр Жапаров инаугурациядан кийин расмий түрдө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров министрлер кабинетинин башчысы боло албайт.
«БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялап, инаугурация өткөндөн кийин премьер-министрдин ыйгарым укуктарын расмий өткөрүп берет. Ага чейин Артем Новиков өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштей берет», - деди Бактыбек Рысалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн