10-январдагы президенттик шайлоодон жеңип чыккан Садыр Жапаров Россиянын “КоммерсантЪ” басылмасына маек берип, анда түрмөдө эмне менен алек болгонун ачыктаган.
“Мен түрмөдө жөн олтурбай социалдык тармак аркылуу эл менен иштедим. Мыйзам боюнча бул тыюу салынган, бирок биз жолун таптык. «Одноклассник», Facebook жана Instagram аркылуу группаларды ачтык. WhatsApp аркылуу 50 группа түптөдүм. Анын ар биринде 256 мүчөсү болгон. Ушул группалар аркылуу “Кумтөр” боюнча маалыматты элге жеткирдик. Түрмөдө сен 24 саат бою бош болосуң, бош убакыт бар. Мен түрмөдөн ушундай жол менен революция жасадым”, - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн