Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:37
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров кайрадан футбол талаасында... 26-28-май күндөрү "Мурас" турнири өтөт

25.05.2023 17:23
861
Садыр Жапаров кайрадан футбол талаасында... 26-28-май күндөрү "Мурас" турнири өтөт

26-28-май күндөрү ар кыл тармактарынан өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.


Турнирге Кыргыз Республикасынын Президентинин командасы, маданият, бизнес, ЖМК өкүлдөрү, спортфедерациялары, футбол ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, облус жана шаар жетекчилери, дин кызматкерлери, медициналык жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышат.


Бул ирет өтүүчү турнирдин башкы өзгөчөлүгү - эл бийлигинин өкүлдөрүнөн топтолгон «Курултай» командасынын кошулушу. Андан сырткары, турнир 40 жашка чейнки оюнчулардан түзүлгөн командалар ортосунда да өтөт. Эске салсак, «Спорттук федерациялар» буга чейин өткөрүлөн турнирдин жеңүүчүсү болчу.

40 жашка чейинки топтор арасындагы беттештер 26-27-май күндөрү КФСтин футбол борборунун оюн аянтчаларында өтөт.

Ал эми негизги турнир «Газпром» спорт комплексинин жана Каба улуу Кожомкул атындагы Спорт сарайында орун алат. Бул оюндарды КТРК Спорт телеканалы түз алып берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн