Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров кимдер менен жолугушуу өткөргөнү белгилүү болду

24.05.2023 08:57
379
Садыр Жапаров кимдер менен жолугушуу өткөргөнү белгилүү болду

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров активисттер менен жашыруун жолугушуу өткөрдү деген маалымат тарады.


Президент Садыр Жапаровдун колдоочуларынын бири Бактыгүл  Иманбек кызы жолугушуу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, президент менен болгон жолугушууга активисттер катышкан. 

"Президент Садыр Жапаров өзүнүн колдоочуларын башка саясатчылардын тарапташтары менен айтышып, урушпоого чакырды. Президент баарыбызды ынтымакка чакырып, бөлүнүүдөн алыс болууга үндөдү.


"Президенттин тараптагы" деген өзгөчө статус жок экенин белгилеп, социалдык көйгөйлөрдүн интернет тармагы аркылуу өзүнө жеткирүүнү сунуштады.

Эч кандай фейк фабрика, эч кандай дАканса, эч кандай ӨЗГӨЧӨлөр барган жок. 

Болгону, Президентти он жылдап, беш жылдап, жылдар менен соцтармактарда активдүү колдоп жаман жакшы күндөрүндө жөлөк таяк болгон чыныгы Мекенчилдер жана алардын азыр да соцтармактарда активдүү колдоп жүргөндөрү болду",- деди Иманбек кызы.


Бактыгүл Иманбек кызы президент эч кимге бука союп, чай берип, чепкен жабылбаганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн