Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасады

25.04.2021 20:35
25182
Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров эч кандай жер сатылбаганын, жерлер алмашылбаганын өзүнүн Telegram-каналы аркылуу билдирди. Элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана сабырдуу болууга чакырды.


"ЧЫНДЫКТЫ толук билмейинче ооз ачпа, жалганга көп ишенип көп АЛДАНБА!


Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар-кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен соц тармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда.

Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп атат.

Элдин макулдугу, Эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп атат.

“Кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сөз илгертен калган, ошондуктан биринчиден сөзсүз түрдө ЭЛ менен кеңешип туруп, анан туура чечимдер кабыл алынат. Ага чейин ар-кандай “САТТЫ, БЕРДИ” деген чагымчыл бузукуларга же ушак жалган маалымат тараткандарга ишенбеңиздер.

Урматтуу мекендештер, кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

“Сабырдын түбү - сары алтын”

Билесизби, эң күчтүү адам ким?


Ал дүйнө чемпиону, же болбосо “чоң муштумдарды” ойлошуңуз мүмкүн. Бирок жашоодо эң күчтүү адам бул сабыр кылган адам.

Бийик даражага жетүү, кыялдануу менен болбойт, түш көргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.

Ийгилике бакытка жетүү жолу бул – сабырдуулук.

Адамга кыйынчылык келгенде үч нерсени аткаруу керек:

1. Сабырдуулук.
2. Дуба кылуу.
3. Кыйынчылыктын кетүүсүн күтүү...",
- деп жазылат президенттин Telegram-каналында.

Пикирлер (18)

Коопсуздук коду
Нрр
Алмашылбады дегени кандай ташиип оз оозу менен айтыго алмашылат деп
Токтосопиева Мээрим
Туура айтасыз урматтуу президент.КЫРГЫЗ ЭЛИМ САБЫРДУУ БОЛОЛУЧУ МИТИНГЕ ЧЫККАНДЫ ТОКТОЛУ!!!
Аманбай Сооронбаев
Сабыр деген калбады эч кимде.Кылдан кыйкым издеп жаман жакты андып эле калдык.Пейилди ондойлу кыргызым.
Ырыскан
Мен айтылган кайрылууга толугу менен кошулам. Садыр Нуркожоевичтин ар бир айткан созундо катачылыгы жок. Жон гана ар нерсе деп туура эмес создорду жазган Адам пейлинен тапсын.
Уланбек
Койчу ай Садыр ушунтип ой жугурто алабы.
Таалайбек
Уланбек мен сага толук кошуламын