Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров маанилүү чечим кабыл аларда аялы менен кеңешеби?

25.11.2020 13:43
1956
Садыр Жапаров маанилүү чечим кабыл аларда аялы менен кеңешеби?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Россиянын “ОколоПолитики” сайтына маек берип, жолдошунун премьер-министр болор алдында аны менен кеңешүүгө деле убакыт болбогонун билдирген. Журналисттин “жолдошуңуз маанилүү чечимдерди кабыл алаарда сиз менен акылдашабы, мисалы, премьер-министр болоордо кеңешти беле?” деген суроосуна ага убакыт деле болбогонун билдирген.


Билесизби, премьер-министр болоордо кеңешүүгө деле убакыт болгон жок, баардыгы ушунчалык тездик менен болуп кетти. Бирок, жолдошум ар дайым камактан чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып келген. Элдин колдоосуна ишеними чоң болгон”, - деген ал.


Мындан сырткары А.Жапарова Садыр Жапаровдун азыркы статусу ага жоопкерчиликти, ошол эле кезде чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратканын, ал мүмкүнчүлүктөрдү элдин жыргалчылыгына жумшай турганын айткан.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кушубекова Мунар Ишенбековна
Садырды Президент БОЛСУН деп колдоп туурабыз биз ага ишенебиз мен Садырды колдоого кол коюп катталып келдим паспорттумду алып Садыр анткени эл учун ЖЕР мекекен келечек учун иштейт иненем