Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:14
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды

18.07.2024 14:04
191
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын Ташкент шаарына келди. 

Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду. 

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө. 

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн