Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров март айында Өзбекстанга барат

27.02.2021 18:40
847
Садыр Жапаров март айында Өзбекстанга барат

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана келечегин талкуулашты, регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.

Ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына боло турган расмий иш сапарын даярдоо, мазмунун толтуруу жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти, ар тараптуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты достук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулуусун ырасташты.

Ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын өзгөчө мүнөзүн 2020-жылдагы пандемиянын шартында эки мамлекеттин активдүү өз ара аракеттенүүсү жана өз ара колдоосу көрсөттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн