Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эмне үчүн кучакташа албай калды?

29.01.2021 15:43
1330
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эмне үчүн кучакташа албай калды?

Кызык! Мен эле ошону ойлоп койдум десем, көп адам дагы ушул жерден досчулук кучакташууну күтүшкөн экен. Мен дагы эркекче, досчо кучакташып коюшса жагымдуу, кайсы бир деңгээлде узак, оңой эмес жолдун бир чоң этабынын аягы, алдыда мындан дагы чоң сыноолор турат, ошого бекем болуунун символу болуп калат эле деп ойлодум. Бирок расмий протокол жолтоо болсо керек.


Эми “расмий протокол”, “ушундай мыйзам боюнча, эрежелер боюнча туура”, “эл, эл аралык коомчулук туура эмес ойлоп калат” деген ушу сыяктуу көп нерселер боюнча. Албетте мунун баары керек, бирок айоым учурда, ошол эле элдин, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн, кесепетинде элге зыяны тийбесе, кайра пайда алып келип, духту, рухту көтөрө турган иш-аракеттер болсо кылыш керек деген ойдомун.


Мисалы, ушул учуру эки достун кучакташуусу расмий протоколду бузганы менен, элге өтө чоң таасир, толкундануу, досчулукка ишенүү, кыйынчылыкты бирге өткөрүп, адилетке күрөш аягы жакшылык менен бүтөөрү тууралуу чоң өрнөк болмок. Же дагы бир мисал. Садык Шердин Курманжан тасмасында Камчыбек дарга асылаар алдындагы учурда Курманжан экөөнүн кезигишүүсү эмнегедир мен үчүн супсак, өтө эле эмоциясыз болгон. Курманжан уулу Камчыбек менен сөзү жок, көз карашы менен сүйлөшкөнүн көрсөтүүгө аракет кылган. Садык агайдан сурасам, тарыхый фактыларга жакындаттык деп жооп берди эле. 


А бирок эсиңиздердеби Улуттук банктын буйрутмасынын негизинде 50 сом банкнотуна арналган роликтеги Курманжандын образы? Курманжандын образы абдан күчтүү, каардуу, чечкиндүү берилип, өлкө үчүн өз жанын эле эмес, уулунун башын сайганы, жолугушууда Камчыбекке “Өлүмгө тике кара” деп катуу айткандыгы? Мага жана көп адамга бул ролик тереңирээк таасир калтырган. Балким тарыхта андай болгон эмес, бирок азыркы муун, заман, жана элдин духун, рухун көтөрүш үчүн ушундай, протоколдон тышкаркы кадамдар керек!


Илим Карыпбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн