Министрлер кабинетинин мурдагы биринчи орун басары Артем Новиков өзүнүн кызматтан которулушу боюнча социалдык баракчасы аркылуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, ал азыркы экономикалык кризистен чыгуу үчүн колунан келген аракетин жасайт.
"Эртең менен Садыр Жапаров менен жакшы маанайда сүйлөштүк. Азыр экономикалык оор абалдан чыгуу үчүн мага жүктөлгөн милдеттерди аткарам. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагалыгына менин талапкерлигим көрсөтүлдү. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Жакын арада фондго инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзөбүз",- деди Новиков.
Пикирлер (3)