Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор наамы, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Өлкө башчысы аталган сыйлыктарды 3-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, «Коопсуздук»2021,»Калыптоо 2021» командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун салтанаттуу бөлүгүндө тапшырды. Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери, Башкы кол башчыдан энчилүү саатарды жана алкыштарды алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн