Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:20
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Садыр Жапаров мурдагы өкмөттүн бир топ министрлерин кызматтан алды

03.02.2021 18:25
1512
Садыр Жапаров мурдагы өкмөттүн бир топ министрлерин кызматтан алды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.


"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:


Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

Кыялбек Мукашев Финансы министринин кызматынан бошотулду;

Марат Жаманкулов Юстиция министринин кызматынан бошотулду;

Санжар Муканбетов Экономика министри кызматынан бошотулду;

Тилек Токтогазиев мурда дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

Бакыт Бердалиев Транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;

Эрлис Тердикбаев Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

Алтынбек Исмаилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Нурлан Калиев
Жапаров айнып кетпесе болду.Депутаттарды мактап калыптыр.Ошол чимкириктер учун токкоруш болгонун унуткандай.Эл борт сыртында калбасак экен.
Кутман
Сыймык Жапакеевке ген прокурорлукту бериш керек
Элизат Жумабекова
Увазир жакшы ,хан жакшы дейт го. Эл тажап турган чиновниктерди колдодунузбу.Эл байкуш дагы алданган экенбиз да.Эми кыйратып жибергенин королу.Жетим балдарды кул кылып жургон шумшукту алып келгенин элдин бетине тукургондой эле болду