Президент Садыр Жапаров "Пирамида" телеканалына 26-апрелде маек берип, анда өлкө ичинде болуп жаткан эң орчундуу маселелерге токтолуп өттү.
Чек ара маселеси
Чек ара боюнча Тажикстан жана Өзбекстан менен гана чек ара тактала электигин билдирди. Бул маселе бир жактын кызыкчылыгы менен чечилбей турганын, алар жер берсе кыргыз тарап да кайсыл райондон болбосун жер берилиши керектигин кошумчалады. Чек ара маселеси боюнча жарандарды провокацияга алдырбоого чакырды чакырды.
Электр энергиясына болгон тариф маселеси
Убагында алынган кредиттердин максаттуу пайдаланбагандыгынан энергетикалык кризис пайда болгонун президент билдирди. Ал тарифти өзгөртпөсө, кийинки жылы Токтогул суу сактагычы иштен чыгарын, тарифтер элдин жашоо-шартына карата өзгөртүлүп жатканын, чектөө деген нерсе таптакыр алынарын айтып өттү. Жашоо шарты начар үй-бүлөлөр дагы такталат, ал эми тоолуу райондордогу жашоочулар чектөө жок 1 сом 04 тыйындан төлөшөөрүн кошумчалады.
Кумарканалар маселеси
Казино маселесин президент колдогонун, ал маселе депутаттар тарабынан сунушталып, Ысык-Көл жана Баткен облустарында ачуу каралып жатканын айтты. Бул бюджетти толтуруу үчүн керек булак деди. Казиного кыргыз жарандарынын киришине тыюу салынарын эскертти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн