Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров өлкөдөгү суу тартыштыгы боюнча маселесине токтолду

24.07.2023 12:37
265
Садыр Жапаров өлкөдөгү суу тартыштыгы боюнча маселесине токтолду


Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде өлкөдө болуп жаткан суу тартыштыгы маселесине токтолду.

Өлкө башчысы белгилегендей, суу тартыштыгы биринчиден жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү менен, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы менен байланыштуу.

“Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби - эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин, БДРдин, суу сактагычтын курулбагандыгы (ред:. БСР – күн сайын жөнгө салынуучу бассейндер (бассейны суточного регулирования). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.

БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен бардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек.”, - деди президент.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн