Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров өз командасынын курамын кайра карап чыгыш керек

19.11.2020 10:45
865
Садыр Жапаров өз командасынын курамын кайра карап чыгыш керек


Кыргызстанда кандай гана бийлик келбесин, анын айланасына аарылардай ызылдап толуп алган кошоматчылар болот. Көпчүлүк кошоматчылар улам бийлик алмашкан сайын «терисин сыйрып» ыргытып, кийинки бийликтин этегине «намаз» окуй баштайт. Улам жаңы келген бийлик катуу дем менен келип, эч эле кошоматчыларды укпай тургандай, баарын мыйзам алкагында тараза ташына салып жасай тургандай чамынып келет. Анан эле көп өтпөй мактоо сөздөргө магдырап, ал эми сын айткандарды көрө албай жаткандай, ичтери тарып жаткандай кабылдай баштайт.


Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башына келген лидерлердин дээрлик баары өз командаларынын курмандыктары болушту. Себеби, алар элдин чыныгы үнүн тосуп, каалоолорун башкача боек менен жеткирип турушту. Бекеринен эл акыны Шайлообек Дүйшеев: «Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт» деп жазбаса керек.


5-6-октябрдагы төңкөрүштүн арты менен бийликке келген Садыр Жапаров адеп эл алдында эмне деген олуттуу убадаларды берди эле? Чечкиндүү, өтө ишенимдүү тон менен сүйлөгөн. Арадан анча көп күн өтпөй эле, ал айткандарынан акырындык менен тая баштады. Анан дагы коррупцияга каршы күрөшүү үчүн Конституцияны алмаштыруу керек экен деп чыкты. Ондогон жылдар бою кыргыз бийлигин президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүүнүн жолун издеп, улам Башмыйзамга жаңы өзгөрүүлөрдү жасап келсе, С. Жапаров тескерисинче күчтүү президенттик башкарууга кайтуу жолун тандады.


Ошентип бир айга жетпеген убакытта анын командасы жаңы Конституцияны жазып даярдай салышты. 17-ноябрда ал коомдук талкууга коюлду. Аны окуп чыккандан кийин коомчулукта нааразычылыктар күч алды. Жогорку Кеңешти да, өкмөттү да өтө алсыздантып, баардык бийликти бир гана президенттин колуна карматуу максаты бар экени билинди. Баарынан кызыгы, бул жаңы Конституцияны убагында Курманбек Бакиевдин бийлигин күчтөнтүү үчүн Башмыйзамды оңдогон юрист жазып даярдаганы болду. «Сакадай бою сары алтын» бул юрист азыр президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлык кызматын аркалап турган Бектур Зулпиев. Дээрлик 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин кайда жүргөнү, эмне иш кылып жатканы белгисиз болуп келген эле.


Жакында эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи болгон Акин Токталиев болсо «Конституциядан «светтик» деген сөздү алып салыш керек» деп чыкты. Кыязы, ал Кыргызстанды ислам өлкөсү кылып расмий жарыялагысы келип турат окшойт.


Айтор, С. Жапаровдун командасы конституциялык реформа жасайбыз деп жатып аны биротоло жардан алыс түрткөнү турушат. 2005-жылдан бери саясатта жүргөн, 8 жыл саясий куугунтук жеген Садыр мырза деле турмуштан көп сабак албаса керек. Болбосо, абактан чыга калып, премьер-министрлик менен кошо президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарды бирдей кармады, мындай мүмкүнчүлүктү ал туура пайдалануунун ордуна, кайра калктын калың катмарынын нааразычылыгын жарата турган иштерге пайдаланганы турат. Ырас, азыр ал президенттик милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берген, премьер-министрлик ыйгарым укуктары убактылуу токтоп турат. Бирок, ошентсе да бүгүнкү бийлик башында анын командасы турганы жалганбы? Эгерде ал азыртадан командасын оң жолго салууну, же командасын тазалоону баштабаса, анда эртең качкын президенттердин же камакта отургандардын тагдырын кайталап калышы мүмкүн.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн