Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды

27.07.2022 12:55
556
Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды


“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Ошондой эле, өлкө тургундарынын акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөргө карата пикирлерине да орун берилген.

Атайын чыгарылыштын саны чектелүү экенин эске алып, “Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери басылманы биринчи кезекте аймактардагы турак-үйлөргө таратышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн