"Азаттык", Кудайды карасаңар боло. Мындай пикирин президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Азаттык, эмне мынча сөзүмдү бурмалап «ЭЛ ДУШМАНЫ» болуп жатасыңар?
Азаттыкта кыргыздын эле уул-кыздары иштейсиңер го акыры?
Кудайды карасаңар боло? Өтө эле аша чаап кетип жатасыңар",-деген билдирүү калтырган Жапаров.
Эске салсак, 19-декабрда "Азаттык" үналгысында Садыр Жапаровдун Жетим-Тоону кытайларга берүү маселесин көтөргөн видео жана анын айланасындагы маселелер боюнча эксперттердин көз караштары жазылган маалымат чыккан эле.
Пикирлер (1)