Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Садыр Жапаров "Кумтөрдү" текшерген комиссиянын башчылыгына Акылбек Жапаровдун дайындалышы боюнча пикирин билдирди

26.02.2021 16:37
4653
Садыр Жапаров "Кумтөрдү" текшерген комиссиянын башчылыгына Акылбек Жапаровдун дайындалышы боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров "Кумтөр" кенин текшерген комиссиясынын башына Акылбек Жапаровдун дайындалышы боюнча пикирин президент социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. 


Урматтуу кыргызстандыктар! 


Кытай реформатору Дэн Сяопин:  "Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду"  деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", - деп билдирүү калтырган президент.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Турдалиева
Кредиттердин процентин азайтып бериниз.
Таа
7облусту 7олкого болуп бербейлиби деген Акылбектен акыл кутпогуло