Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров "Made in Kyrgyzstan" Улуттук брендин түзүүнү тапшырды

03.03.2023 10:23
293
Садыр Жапаров "Made in Kyrgyzstan" Улуттук брендин түзүүнү тапшырды



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Бир айыл — бир продукт» Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 


«Бир айыл — бир продукт» долбоору (БАБП) өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон. 


БАБП долбоорунун концепциясы тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат. 


БАБП долбоору үч принциптен турат: 


— «өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк»;


— «адам ресурстарын өнүктүрүү»; — - «жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу аракеттенүү». 


Долбоор жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүүнү, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү көз карашынан алганда өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт. 


Кыргыз Республикасында БАБП долбоору бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү, өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытай Эл Республикасына, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстан Республикасына экспорттоодон пайда алуу түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө. 


Андан аркы натыйжаларга жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын, фонддордун, академиялык чөйрөнүн, ассоциациялардын, бизнес-сектордун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. БАБП долбоорун сапаттуу масштабдоо жана продукцияны анын концепциясы пайда болгон учурдан тартып акыркы керектөөчү сатып алганга чейин илгерилетүү Кыргыз Республикасынын экономикасынын мультипликативдик өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасынын ар бир айылы, шаары, району, облусу экспортко багыт алуу менен өзүнүн бир багыттагы адистешүүсүнө ээ болууга жана бизнести башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кооперацияланууга тийиш.


Жергиликтүү коомчулуктардын туруктуу ишине, жумуш орундарын түзүүгө, кирешелүү продукцияны өндүрүүгө жана эл аралык рынокторго экспорттоого өзгөчө басым жасоо менен БАБП долбоорун жайылтуу максатында, БАБП долбоорун Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Улуттук экономикалык долбоор катары ишке киргизүү токтом кылынды. 


Министрлер Кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) Улуттук брендин түзүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн