Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн падышачылыгына расмий сапар менен барганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет жетекчисин Манама шаарындагы "Бахрейн" эл аралык аэропортунан өлкөнүн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Аба майданда Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында Жапаровдун король Хамад бин Иса Аль Халифа, өлкөнүн Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана башка расмий өкүлдөр менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулай турганы айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн