Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаров референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

12.03.2021 21:12
588
Садыр Жапаров референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында​​​​​ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамга ылайык, Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.


Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору референдумга чыгарылат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн