Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров регион үчүн “жашыл”, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи

21.07.2022 14:52
499
Садыр Жапаров регион үчүн “жашыл”, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи


“Эксперттердин болжолдоолору боюнча, дүйнөлүк экономикалык “тартылуу борбору” акырындык менен Азияга карай жылып жатат, бул биздин аймак үчүн, анын ичинде экономиканын “жашыл”, санариптик жана креативдүү секторлорун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы акыркы он жылда Борбор Азияда экономикалык өсүштүн жана дүң продукциянын өсүшүнүн динамикалык темптери байкалганын белгиледи. Алсак, 2021-жылы ИДПнын жалпы үлүшү үч жүз миллиард АКШ долларынан ашты.

“Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы эркин соода жана инвестиция, транспорттук жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү деп эсептейм. Бүгүнкү күндө бул тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын жакшы мисалдары бар.

Сооданы активдештирүүгө Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында түзүлгөн чек ара соода борборлору, ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өнөр жай соода-логистикалык борбор көмөктөшөт.

Эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды, анын ичинде чек арадагы товарларды негизсиз кечиктирүүлөрдү толугу менен алып салуу өтө маанилүү. Санариптештирүү куралдары топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет деп ишенем.

Биздин мамлекеттердин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алуу менен, биринчи кезекте региондогу интеграциянын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-транзиттик жана логистикалык инфраструктурасын жакшыртууга, дүйнөлүк транспорт түйүндөрүнө жана коридорлоруна кошулууга күч-аракет жумшоо зарыл.

Жакынкы он жылдыктарда темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияны маанилүүлүгү боюнча тарыхый Жибек Жолунан кем калышпай турган жаңы соода жолдорунун кесилишине айландырышы мүмкүн.

Маанилүү долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Борбор Азиянын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет”, - деди Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн