Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоо фонду жана үгүт иштеринде короткон каражаттары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-январда 7-каналдагы түз эфирде айтты. Жапаровдун айтымында, анын фонду ачык.
“Биздин шайлоо фондубуз ачык-айкын. Муну кызыккан адамдардын баары эле көрсө болот. Кимдер салым кошуп, кайсы пенсионерлер каражатын которгонун ачык көрсөткөнбүз. Эми шайлоо аяктагандан кийин калган каражат болсо кайра элге таратып беребиз. Азыр кыш болуп жаткандыктан муктаж жарандарга отун-суу, азык-түлүк жеткирип беришибиз мүмкүн”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн