Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты (фото)

05.08.2022 15:00
962
Садыр Жапаров сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты (фото)



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


Мамлекет башчысына Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды.


Мындан тышкары, Президентке аткаруу өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин автоматташтыруу, сот иштерин жана сот актыларын ачык жеткиликтүүлүктө жарым автоматташтырылган жана автономдуу жарыялоо процессин камсыз кылуучу маалыматтык системалар, «Санариптик адилеттүүлүк» порталы, аудио жана видео жаздыруу аппараттык тутуму, ошондой эле өлкөнүн сот системасынын маалыматтарын иштеп чыгуу борбору туурасында айтып беришти.


Мамлекет башчысы андан ары Жогорку соттун имараты менен таанышып, Кыргызстандын судьялар корпусу менен жолугушту.


Жолугушууда судьяларды ротациялоо тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өлкөнүн сот тутумунда аткарылган иштерге токтолду.


Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Жогорку сот жайгашкан имараттын тарыхына токтолду.


«Бул тарыхый имаратта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөгө зор салым кошкон инсандар иштеп, нечендеген маанилүү чечимдер кабыл алынган. Өз учурунда бул тарыхый имаратта тазалыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болгон саясий ишмер, улуу инсан Исхак Раззаков иштеп, өлкөнү башкарган», — деди Президент. 


«Анын осуят катары калтырган „Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот“ деген накыл сөзү ар бирибиздин, айрыкча, судьялардын жүрөгүндө сакталышы абзел! " — деп кайрылды Садыр Жапаров өлкөнүн судьялар жамаатына.


Мамлекет башчысы сот тутумун реформалоонун алкагында судьяларды ротациялоо менен жетишилген алгылыктуу жыйынтыктарга көңүл буруп, соттордун кынтыксыз иштешин камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүлөрү тууралуу айтып берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн