Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырып, өзүнүн программасы менен тааныштырууда.
Жыйынга 83 депутат катышууда, мындан тышкары 8 депутаттын ишеним каты бар.
Садыр Жапаров сунуштаган өкмөттүн курамы:
- Премьер-министр Садыр Жапаров
- Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков
- Вице-премьер-министр Равшан Сабиров
- Вице-премьер-министр Максат Мамытканов
- Вице-премьер-министр Аида Исмаилова
- Өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев
- Экономика министри Санжар Муканбетов
- Финансы министри Кыялбек Мукашев
- Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
- Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев
- Юстиция министри Марат Жаманкулов
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
- Ички иштер министри Улан Ниязбеков
- Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев
- Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
- Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров
- Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков
- Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин жетекчиси Алтынбек Исмаилов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн