Бир мамлекеттин башына келген адамдардын эки гана түрү болот. Биринчи түрүнө – комфорт жашоого бат эле ыңгайланышып, өзү эч нерсе жасабай, же жасай турган адамдарга шарт түзүп бербей жүрө бергендер кирет. Кадимки калыпка түшүп калган жолугушуулар, кабыл алуулар, документтерге кол коюулар, лента кесүүлөр, майрамдарда куттуктоолор сыяктуу иштерди гана ыраатын бузбай аткарып коюп жүрө берет.
Экинчи түрү - бул жеке өзүнө тиешелүү амбициясы барлар, жаңыча өзгөрүүлөрдү жасоого чечкиндүү кадам жасай алгандар, мамлекеттин кызыкчылыгы турган жерде жеке кызыкчылыгын четке сүрө тургандар, өзүнүн артынан жапырт элди ишендирип ээрчите ала тургандар болот.
Дүйнө тарыхында өчпөс болуп ысымдары калган мындай лидерлерге – Чыңгызхан, Черчиль, Сталин, Ю. Цезарь, Наполеон, Ли Куан Ю жана башкалар. Албетте, бул лидерлердин артынан да түрдүү кептер айтылып келет. Бирок, баарысы келип эле алардын чечкиндүү кадамдарды жасай алганын моюндарына алат. Ар кандай улуу иштин жок дегенде бир кемчилиги болот. Катачылык бардык жерден кетет. Ката кетирип албайын деп отура берген адам эч нерсе жасай албайт. Кетирген катасын өз убагында билип, аны оңдоого аракет кылуу менен гана адам баласы ийгиликтерди багындырат.
Өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери карай Кыргызстанды Акаев 15 жыл, Бакиев 5 жыл жыл, Отунбаева 1,5 жыл, Атамбаев 6 жыл, Жээнбеков 3 жыл башкарды. Ар кимиси өз дараметине жараша башкарды. Ачыгын айтыш керек, бирөөсүнүн дагы өлкөнү өнүктүрүү багытында көзгө көрүнөрлүк чечкиндүү кадамдары байкалбады. Элди ынандырып, элдин толук колдоосун тапкан бир дагы долбоорлору болбоду. Андыктан алардын ар бирине токтолуп, асан кайгы тарта берүүнүн пайдасы жок. Андан көрө жаңыдан шайланган президент эми алдыда кандай чечкиндүү кадамдарды жасаса боло турганына токтолгонубуз туура болот.
28-январда шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. 10-январда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын дээрлик 80%ы ага ишеним артты. Ушунун өзү басымдуу кыргызстандыктардын акыркы үмүтү Садыр Жапаровдо болуп жатканын айгинелейт. Бийлик улам төңкөрүш жолу менен алмаша берип, мамлекетибиздин максаты жоктой абалга келдик. Эл да азыр кандай максатты коюп жашаш керек экенин түшүнбөй калды.
Демек, С. Жапаров президенттик кызматка киришкендеги биринчи кадамы өз командасы менен мамлекеттик максатты иштеп чыгуусу зарыл. Биз кандай мамлекет болобуз, келечегибиз кандай болушу керек? Дал ушул суроолорго эл так жооп ала тургандай болгону жакшы. Көздү бозомтук тарттырган, татаал сүйлөмдөрдөн куралган программалардын кереги жок. Андай программалар буга чейин да көп жолу түзүлдү. Аны түзгөндөр өздөрү да, эл да түшүнгөн жок. Натыйжада аткарылган да жок. Ошол мамлекеттик максат милдеттерге же тапшырмаларга бөлүнүшү маанилүү. Ал милдеттердин конкреттүү мөөнөттөрү да белгиленип, жоопкерчиликтери да конкреттүү адамдарга жүктөлүшү керек. Милдеттер өз мөөнөтүндө аткарылбай калса, анын жоопкерчилиги кандай болору да алдын-ала так көрсөтүлүшү шарт. Ошондо гана өзүнө ишенген, ишти тартып кете ала турган кадрлар милдетти мойнуна алат.
Экинчиден, бүгүнкү күндө УКМК баштаган корруцпияга каршы күрөш күчүн жоготпошу зарыл. Карапайым эл кимдердин коррупционер экенин, кимдердин мамлекеттик үлкөн кызматтарда туруп мыйзамсыз байыгандарын жакшы билет. Андыктан мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай тандоо жолу менен күрөш болбошу маанилүү. Ушул күнгө чейин саясатта жүргөндөрдүн жок дегенде 60%ы мыйзамсыз байыгандар болуп чыгат. Соттордун ар бири, бажы тармагында иштегендердин ар бири, министр, премьер-министр, депутат болгондордун ар биринин мүлктөрүн текшерүүгө алууга болот. Эл да азыр мындай кадамды колдойт. Себеби, жалаң айлык акыга отурган чиновниктердин «Лексус-570» машинасын айдап, 200-300-500 миң АКШ доллары турган хансарайларда жашаарын жакшы билет. Ушул көрүнүш эле алардын коррупцияга катыштыгы бардыгын көргөзүп турат. Эгерде ошол чиновниктердин баарынын мүлктөрү жапырт текшерүүгө алынып, мыйзамсыз байыгандары аныкталып, камакка алынышса, анда эч ким аларды эркиндикке чыгар деп митинг кылбайт. Буга чейин кайсы бир саясатчы үчүн ошондой митингдер уюштурулган болсо, анын баары коррупцияга каршы күрөш тандоо жолу менен жүргөнүнөн улам болгон. Себеби, бир коррупционер камакта, экинчиси министр же депутат болуп отурганы акыйкаттык болуп саналбайт.
Кадр саясатын туура жүргүзүү да жаңы президенттин биринчи кадамдарынан болушу керек. Социалдык түйүндөрдө көбүрөөк пост жазып, көбүрөөк ызы-чуу, айкырык салгандардын баары эле мыкты иштей албайт. Эгерде куру сөз менен курсак тоюп, иш жасала турган болсо, анда биз азыр өнүккөн өлкөдө жашап турган болот элек. Ар бир министр, ведомство жетекчилери дайындалып жатканда, «Коррупцияга, мыйзамсыздыкка жол берсем, анын жазасын керт башым менен тартууга даярмын» деген убадасы менен барышы керек. Эртеси «Саясий куугунтук болуп жатат» деп кыйкырып чыкпагыдай болушу кажет. Ар бир жаңы дайындалып жаткан чиновниктин ошол убакта кандай мүлктөрү бар экени элге ачык көрсөтүлүп, анан дайындалган кызматында иштеген убактысында канча киреше тапканы жана кандай жаңы мүлктөргө ээ болгону да ачык көрсөтүлүшү зарыл. Тапкан кирешесинен сатып алган мүлктөрүнүн баасы ашыкча болсо, демек коррупцияга жол берилген болот.
Ошентип эң башкысы мамлекеттик максат жана чиновниктердин тазалыгын аныктап алсак, андан кийин гана башка пландарды ишке ашырууга мүмкүн. Мамлекеттик максат жок болсо, чиновниктер мурдагыдай эле коррупциянын сазында отурса, анда эч кандай план дагы, программа дагы ишке ашпайт.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн