Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

29.04.2024 22:30
274
Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү


Президент Садыр Жапаров бүгүн “Үч чоку” кластерин өнүктүрүү планынын бетачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысына тоо лыжа долбоорунун негизги багыттары, артыкчылыктары, ошондой эле ишке ашыруу жана өзүн-өзү актоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берилди.

Франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан “Үч чоку” кластери Борбордук Азиядагы эң ири лыжа базасы боло аларын билдирди.

Ал белгилегендей, долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.

Кластерди куруунун биринчи этабынын алкагында 60 км лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Пландаштырылган иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт жана 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылат.

Ошону менен бирге туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат.

Маалыматты угуп, Мамлекет башчысы тоо лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, ошондой эле туристтик потенциалы экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары болууга тийиш экендигине басым жасады. “Үч чоку” кластери жергиликтүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жаңы перспективаларды ачып, аймактын туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдөгү масштабдуу долбоор болушу мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн