Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:
"Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Эгемен мамлекетибиздин коопсуздугун, анын аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдети сиздерге ишенип тапшырылган. Бул ыйык вазыйпаны так аткаруу үчүн сиздер күнү-түнү бел чечпей, кара жанды карч уруп иштеп келе жатасыздар. Анын жыйынтыгы катары өлкөбүздүн бардык аймактарында бейпилдиктин, кооптуу делген чек ара тилкелерибизде тынчтыктын өкүм сүрүшүн белгилеп кетсек болот.
Сиздердин тайманбас аракетиңиздердин натыйжасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш натыйжалуу уланып, учурда өз жемишин берүүдө. Ак ниет ишкерлердин эмгегин сүлүк курттай соруп, жарандардын бейпил турмушуна бүлүк салган кылмыштуу топтордон чечкиндүү түрдө арылып жатабыз. Экономикалык өсүшүбүзгө ушундай эле зыян келтирген чиновниктер дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Жыйынтыгында өлкөбүздүн казынасына миллиарддаган каражаттар кайтарылып, экономикабыздын өсүшүнө олуттуу салым кошулду.
Кымбаттуу кызматкерлер!
Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан күтүүсүз окуялар бизден калыптанып калган иштөө ыкмасынан арылып, жаңыча ой жүгүртүүнү жана ыкчам аракеттенүүнү талап кылат. Бул окуялар ошол чөлкөмдөгү гана кырдаалга таасирин тийгизбестен, эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын жанданышына да түздөн-түз өбөлгө түзөрү талашсыз. Ошондуктан болуп жаткан коркунучтарга жана чакырыктарга дайыма даяр болуп, алдын алуу иштерин жүргүзүү – сиздердин негизги милдетиңиздер. Ушул өңүттө чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугун арттыруу, эл аралык терроризмге жана экстремизмге, азыркы замандын жарасына айланган киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү ар дайым жадыбызда болушу керек.
Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү!
Өлкөбүздүн экономикасынын ырааттуу өнүгүшү менен жалпы эле күч органдарынын, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө. Кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо жана аларды ар тараптан колдоо маселелери ийгиликтүү чечилип жатат.
Өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарынын жетишкендиктеринде бул кызматтын ардактуу ардагерлеринин бараандуу салымы зор экенин баса белгилейм. Элибиздин бейпил жашоосуна арнаган көп жылдык ак кызматыңыздар эч качан мамлекеттин көз жаздымында калбайт.
Урматтуу кызматкерлер жана ардагерлер!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктаймын! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалайм. Үй-бүлөңүздөр менен бакубат турмушта өмүр сүрүңүздөр.
Күнөстүү Кыргызстаныбыз, жаратман элибиз өнүгүп, өсө берсин!".
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн