Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга белек жөнөттү (Фото)

26.03.2021 12:31
731
Садыр Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга белек жөнөттү (Фото)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга белектерди берди. Бул тууралуу Ташкентте кыргыз диаспорасы менен жолугушууда премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.


КР өкмөт башчысы КР президенти Өзбекстанга иш сапары учурунда графиктин тыгыздыгынан этникалык кыргыздар менен жолугуша албаганын билдирди. Бирок, премьер-министр иш сапардын алкагында комуз, ооз комуз, китеп, улуттук кийимдер, улуттук аспапта ойноо үчүн окутуучу дисктер түрүндөгү белектерди берди.

Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын диаспорасынын башчысы Рахматулла Жаббанов “Кабар” агенттигине белектер “Маржан” ырдоо жана бийлөө ансамблине берилерин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн