Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:36
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

01.05.2021 13:18
665
Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн, 1-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланды, деп билдриди президенттин басма сөз кызматы.


Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташып калганын канааттануу менен белгилешти.


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн боордош элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында учурдагы аймактык бардык көйгөйлөрдү конструктивдүү жана ишенимдүү диалог аркылуу чечүү ниетине бекем турушарын дагы бир жолу ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн