Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 13:19
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Садыр Жапаров Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча билдирүү жасады

14.10.2020 11:48
945
Садыр Жапаров Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча билдирүү жасады


Жаш саясатчы Темирлан Султанбековду  камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет: 

Премьер-министр Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

«Премьер-министр катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», - деди өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн