Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров жетимдер үчүн көп кабаттуу үй салдырып береби?

26.01.2021 11:22
886
Садыр Жапаров жетимдер үчүн көп кабаттуу үй салдырып береби?

Бишкек мэриясы томолой жетимдер үчүн көп кабаттуу үй курат. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев билдирди.


Анын айтымында, жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушундай тапшырма берилген.


"Курулушка кете турган акчаны Садыр Жапаров таба турганын айтты. Бир үйдү "Учкун" конушуна бирин Ленин районуна курууну пландап жатабыз. Ага чейин бардык томолой жетимдердин тизмеси түзүлөт. Буйруса, 2 жылдан кийин жок деген бир бөлмөлүү үйлөрдү бере баштайбыз", -деди Түлөбаев.

Түлөбаев мындан сырткары жетимдерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн "Бир жетим-бир долбоор" аттуу долбоор иштелип чыкканын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн