Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаровду Казакстанда ким тосуп алды?

02.03.2021 11:03
600
Садыр Жапаровду Казакстанда ким тосуп алды?

2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, Нур-Султандын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын вице-премьер-министр - Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.


Эл аралык аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн