Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:00
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровду эмне үчүн колдош керек?

15.01.2021 12:08
675
Садыр Жапаровду эмне үчүн колдош керек?

10-январда жалпы кыргызстандыктар өзүнүн алтынчы президентин шайлап алды. Шайлоого катышкан жарандардын дээрлик 80%дан ашууну Садыр Жапаров үчүн добуш бергени да белгилүү болду. Албетте, бул талапкердин жеңишке ийгиликтүү жетип келери, көпчүлүк элдин колдоосуна татып турганы да белгилүү эле. Бирок, 80%дан ашуун добуш аларын талапкер өзү да күтпөгөнүн россиялык телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди. Шайлоочулардын мындай колдоосу ал үчүн өтө чоң жоопкерчилик экенин айтты. Элдин өтө чоң колдоосун сезип-туюп, өлкөнү өнүктүрүү багытында ойлор менен алышып, түн уйкусу да качып калганын айтып берди.


Садыр Жапаров азыр бир жагынан жеңишке жеткенине толкунданып турса, экинчи жагынан мойнуна өтө чоң милдет жана жоопкерчилик жүктөлгөнүн жакшы түшүнүп турат. Алты миллиондон ашуун калкы бар мамлекеттин тагдыры эми анын колуна тапшырылды. Элдин ишенимин актоо үчүн ал бардык күч-аракетин жумшаарын, мурдагы бийликтердин катасын кайталабай турганын айтып келет.


Өткөн жылдын октябрь тополоңунан кийин убактылуу бийлик мамлекет башына келгенден бери карай келечекке ишеним жараткан аракеттер байкалууда. Мисалы, акыркы жылдарда коомчулукта «коррупциянын атасы» катары таанылып калган Райымбек Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом төгүп бергени, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камакка алынышы, ондогон кыймылсыз мүлктөрү бар, чет мамлекеттерге үй-бүлөлөрү менен сайрандап жүргөн, мыйзамсыз байыган соттордун иштери казыла баштаганын көрүп турабыз. Р. Матраимов ошол 2 миллиард сом менен эле кутулуп кетпей турганын, анын иши дагы да тергелип жатканын УКМК билдирди. С. Жапаров өзүнүн жанында жүргөн санаалаштарынын арасынан бирөө-жарымы коррупцияга аралашса, аны да аябай турганын көрсөттү. Буга Мелис Аспековдун 250 миң доллар акча талап кылып жаткан жеринен кармалганы ачык мисал. «Менин бир туугандарым коррупцияга аралашса, аларды да камагыла» деди өзү.


Өлкө экономикасын өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлору да бар экенин айтып келет. Демек, элдин ишеними да, Садыр Жапаровдун өзүнө болгон ишеними да азыр шайкеш келип турат. Ушул күнгө чейин мамлекет башына келген президенттердин ичинен Садыр Жапаров эң оор кырдаалда шайланып келип жатат. Бюджет бош, пандемия токтой элек, саясий кырдаал да курч. Мындай убакта бардык жоопкерчиликти моюнга алуунун өзү чоң эрдик.


Андыктан президенттик шайлоодо ат салышкан башка талапкерлер да элдин тандоосу менен макул болууга, элдин тандоосун сыйлоого милдеттүү. Отуз жылдан бери карай жалаң саясий тирешүүлөр менен келатабыз. Андан эч ким уткан жок. Баарыбыз утулуп гана келебиз. Натыйжада мамлекетибизди өтө оор абалга кептедик. Эми кайра баарыбыз биримдикке келип, мамлекетибизди оор абалдан чыгарып, өнүгүүгө карай багытташыбыз керек. Бардык саясатчылар Садыр Жапаровдун айланасына биригип, анын өлкөнү өнүктүрүү багытындагы пландарынын ишке ашуусуна көмөк көрсөтүүлөрү маанилүү. Баарыбыздын мамлекетибиз бирөө гана- Кыргызстан. Аны ар кайсыл бурчунан ар кайсыл жакка тарткылап, көк бөрү кыла бербей, жалпыбыз сыймыктана турган өлкөгө айлантуу жарандык ыйык парзыбыз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Ел айтпасан деле билет Сагындык.