Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаровдун 6 тарапташы №1 абакка которулду

11.03.2020 14:31
1022
Садыр Жапаровдун 6 тарапташы №1 абакка которулду


Саясатчы Садыр Жапаровдун 6 тарапташы убактылуу кармоочу жайдан №1 абакка которулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты. 


Маалыматка караганда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митинге чыгып, коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган  6 жаран 2 айга камакка алынган. 


Алар:


1999-жылы туулган Т.А.;

1999-жылы туулган И.Б.;

1990-жылы туулган Ш.М.;

1963-жылы туулган А.Б.;

1973-жылы туулган Ч.Н.;

1966-жылы туулган А.Б.


Ошондой эле аталган маалыматта массалык башаламандык боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы да айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн