Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаровдун «Азаттыктагы» маеги: Парламенттик шайлоо, тышкы карыз, чек ара, Көлбаев, Матраимов тууралуу

16.03.2021 12:05
538
Садыр Жапаровдун «Азаттыктагы» маеги: Парламенттик шайлоо, тышкы карыз, чек ара, Көлбаев, Матраимов тууралуу


15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна кеңири маек куруп, анда конституциялык реформа, парламенттик шайлоо, оппозицияга карата мамилеси, тышкы саясат, тышкы карыздарды төлөө, чек ара маселелери, Камчы Көлбаев, Райым Матраимовдорго байланыштуу суроолорго жооп берди.


Жаңы Конституция боюнча экономикага да, ички жана тышкы саясатка да президент керт башы менен жооп берет


Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго адегенде эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, референдумга коюлган жаңы Конституциянын долбоору тууралуу пикири суралды. Ага президент төмөндөгүчө жооп берди:


«Жаңы Башмыйзамдын долбоору референдумга коюлду. Кудай буюрса бул Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет. Бирок, мен бул Конституция мамлекетти алдыга жылдыра турган Конституция болот, мамлекетте тартип орното турган Конституция болот деп ойлойм. Биз буга чейин 10 жыл парламенттик деп жашып келдик, андан мурда парламенттик-президенттик деп жашап келдик, андан мурун президенттик болчу. Отуз жыл ичинде Кыргызстан эмнени гана көрбөдү? Акыр аягында турмуш өзү бийликтин вертикалы бир эле болушу керек экенин көрсөттү. Бүгүнкү Конституция менен 3 бийлик бар – парламент, өкмөт, анан президент. Үч башка бийлик болгону бюрократияны көбөйтөөрүн, чечкиндүүлүк чараларын эч ким мойнуна албай турганын көрсөттү. Жашап жаткан Конституцияда эң күчтүү бийлик президенттики. Бирок, эч кандай жоопкерчилиги жок. Президент өкмөттүн, же парламенттин колу менен жасайт, же парламенттин колу менен жасайт дагы, ошолорго шылтап отура берет. Мен ошентсем болот эле. Эгер дагы ошондой кылсак, анда дагы 5-10 жыл жөн эле жоготобуз. Ошондуктан биз жоопкерчиликти бир адам ала турган системаны түздүк деп эсептейм».


Ошол эле сөзүнө улай С. Жапаров жаъы Конституция боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде боло турганын кошумчалады.


«Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты «жиликтеп», үйрөнүп калды», - деди ал.


Президенттин сөзүнө караганда жаңы Конституция боюнча экономикага да, ички жана тышкы саясатка да президент керт башы менен жооп берет.


Ошол эле убакта Жогорку Кеңеш контролдой турган укукка ээ болот. Мисалы, өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш тандайт, сотторду да электен өткөрө турган парламент болот. Болбосо, буга чейин сотторду президент өзү түз дайындап калган.


Жаңы Конституцияда өтө орчундуу каталар кеткен жок


Президент Садыр Жапаров жаңы Конституциянын долбоорун баары жипке тизгендей катасыз деп айтууга болбостугун, майда-чүйдө каталары болушу мүмкүкүндүгүн айтты. «Эми бардыгы жипке тизгендей болбойт да. Бардыгы жипке тизгендей болду деп айтыш да өзү туура эмес. Кемчиликтери сөзсүз болот, майда-чүйдө кемчиликтери болушу мүмкүн. Сындарды да уктук, бирок өтө орчундуу ката кеткен жери жок. Сындагандар сындай берет. Бир эле маселеде сиз экөөбүздүн көз карашыбыз эки башка болушу мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деди мамлекет башчысы.


Алтынчы чакырылыштын маңдайына алты жыл иштөө буюрган экен  


Буга чейин өлкөдөгү бардык саясий процесстер июнь айына чейин аяктай турганы айтылган эле. Бирок, парламенттик шайлоо ага чейин өтпөй турганы белгилүү болду. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров маекте кеңири түшүндүрүп берди:


«Буга чейин биз баарын май айынын аягына чейин, 1-июнга чейин бүтөбүз деп айтканбыз. Мен дагы бардык саясий процесстер бүтүш керек деп айтканмын. Конституциянын долбоорун бүтүрүп алганга чейин парламенттик шайлоону жылдырып туралы дегенбиз. 1-июнга чейин бардыгы бүтөт дегенбиз. Бирок, биз эки айлык убактыбызды жоготуп алдык. Эмнеге десеңиз, эсиңиздерде болсо керек, 10-январдагы президенттик шайлоо менен бирге Башмыйзамдын долбоорун референдумга коёбуз деп пландаган элек. Анан оппозициячылар, НПОчулар «Бизде парламенттик башкаруу болушу керек, эл ошону каалап жатат» деп чыкты. Күндө митингдер уланып жаткан соң, мен чыгып туруп Конституциянын долбоорун токтотуп, элдин өзүнө салалы деп туруп 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу Башмыйзамдын долбоорун эмес, элге эки суроо менен чыктык: «Кайсыл башкарууну каалайсыз? Президенттикпи же парламенттикпи?» деп. 80% эл президенттик башкарууга добуш берди. Андан кийин Конституциялык кеңешме бүтүрүп, алып чыкты. Эгерде ошол 10-январь күнү бүгүнкү Конституциянын долбоорун кабыл алганыбызда, анда майдын аягына чейин парламенттик шайлоо өтүп, саясий процесстер бүтмөк. Бирок, үлгүрбөй калдык. Бул менин күнөөм эмес, же башканыкы эмес. Эми 11-апрелде жаңы Конституция кабыл алынса, ары жакта дагы эки ай мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Бардык мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайыкташыбыз керек. Буга 2-3 ай убакыт кетет. Июль-августка барып, Жогорку Кеңештин шайлоосу туш келип калат экен. Анда июль-августта шайлоого эч ким катышпайт. Ары жакта 2 эле ай убакыт калат экен. Ошондуктан кайрадан эле октябрда шайлоо кылалы деп пландаштырып отурабыз. Анткени айылдарда жыйым-терим бүтөт. Ошого карап шайлоону күзүндө өткөрөбүз деп жатабыз».


Мамлекет башчысы 6-чакырылыштагы депутаттардын ишмердүүлүгүнө жакшы деген баасын берди. Алардын маңдайына алты жылдык мөөнөт буюрганын айтып, өткөн жылдагы октябрь тополоңунда да качып кетпей иштешкенин белгиледи. Ал эми бизде буга чейин болуп өткөн үч жолку революция тең парламенттин деңгээлинен эмес, шайлоолордун таза өтпөгөнүнөн келип чыкканын айтты.


Саясий куугунтуктар болбойт


«Азаттыктын» журналисти «Оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу?» деген суроо узатты. Муну ал УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин камалышы менен байланыштырды. Президент Кыргызстанда азыр эч кандай саясий куугунтук жок экенин, ал эми Абдил Сегизбаевге карата кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, бирок анын талапкер болгонуна байланыштуу кол тийбестиги болгонунан ал учурда камакка алынбаганын айтты. Андан башка президенттикке талапкер болгондор камалбай эле жүрүшкөнүн да белгиледи.


«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», - деди Садыр Жапаров.


Мамлекет башчысынын айтымында, ал оппозиция менен кызматташууга даяр, алардын аттуу-баштуулары менен жолугушуп, Конституция, тышкы карыздар тууралуу сунуш-пикирлерин угуп жатат. Мындан сырткары сөз эркиндиги жана журналисттердин жеке коопсуздугу да сактала турганын кошумчалады.


Сохко коридор берилбейт


Президенттин Өзбекстан жасаган сапарынан кийин социалдык түйүндөрдө «Кыргызстан Сохко коридор ачып бере турган болуптур» деген маалыматтар чыккан. Бирок, бул жалган маалымат экенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди. «Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен», деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат. Ал эми Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) боюнча Шавкат Мирзиёев «Биз талашпайбыз (претендовать этпейбиз), силерге таандык боло берсин» деди», - дейт ал.


Ошондой эле мамлекет башчысы С. Жапаров Өзбекстан президент Ш. Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн билдирди.


Тышкы карыздар өз убагында төлөнөт


Эгерде тышкы карыздар өз убагында төлөнбөсө, анда айрым объектилер Кытайдын башкаруусуна өтүп кетерин буга чейин да мамлекет башчысы билдирген. Бул тууралуу С. Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде дагы бир жолу айтты. Мисалы, Бишкек ТЭЦи, «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолу, «Датка-Кемин» электр чубалгысы жана башкалар. Булар карызды жабууга жетпей калса, анда андан башкасын да алууга укуктары бар. Себеби, мындай келишимге мурдагы бийликтердин убагында кол коюлуп калган.


Бирок, президент С. Жапаров тышкы карыздар өз убагында төлөнө турганына ишендирип кетти. «Бул долбоорду мен алам дейт. Мисалы, ЖЭБ, «Түштүк-Түндүк» жолу, «Датка-Кемин». Ошолорго алганбыз да баарын. Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын деле алганга укуктары бар. Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар», - деди Жапаров.


Райым Матраимов жана Камчы Көлбаев тууралуу


Райым Матраимовдун учурда жеке клиникалардын биринде дарыланып жатканы тууралуу айтылган суроого да мамлекет башчысы жооп берип кетти.


«Ооруп калгандар болсо алып барып дарылатыш керек да. Матраимов эле эмес, Жумалиев да азыр клиникада жатат экен. Дагы башкалары да жатат, мен азыр фамилияларын унутуп жатам. Аларды дарылатыш керек, кайра алып барып камап коюш керек. Кокус бир нерсе болуп, мына камап алып, өлтүрүп салды деген сөз болот да. Биз ошондон да качышыбыз керек. Ооруп жатам дегендин баарын дарылаткыла деп, дарылатып жатабыз», - деди ал.


Анан дагы кримтөбөл Камчы Көлбаев боюнча АКШнын жасап жаткан кадамдарына да жооп кылды. Президенттин айтымында АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүү адамдар боюнча кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Мисалы, АКШ кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат.


«Мен Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШнын элчилигине «Кылмыш ишин бизге берсин (ред: Камчыбек Көлбаевдин), фактыларын, далилдерин бизге берсин, биз ачык соттоп берели. Элчилигинен келип сотко катышсын» дедим. Биз карабай койсок айтса болот эле. Ал башында (Камчыбек Көлбаев) «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен камалган экен. Азыр бир нече сумма төгүптүр. Калганын азыр чыгып төгүп берип жатат. Ал киши өлтүргөн жок. АКШ «Ал маңзат ташыган фактылар бар» деп атат. «Бер» десек бирок, бербейт», - деди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн