Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:28
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаровдун Кумтөр жана Кемпир-Абад боюнча маек берди

02.11.2022 11:33
6314
Садыр Жапаровдун Кумтөр жана Кемпир-Абад боюнча маек берди


Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу чакан маек курду.

- "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул комиссия сиздин демилге менен түзүлдү деген кептер тарап жатат. Эмне үчүн демилге көтөрдүңүз?

- Ооба депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур", - деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, "депутаттардан турган комиссия түзгүлө" деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. "Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер" дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур.

Мейли кимиси болсо да, "Кумтөргө" барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз "Кумтөрдү" кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз "жумушка киргизип койсоңор" деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: "Кумтөргө" жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп "Кумтөр" иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым" деген сөзү болот”, - деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым "Кумтөр" менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. "Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. "Кумтөр" мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз", - деп "Кумтөрдүн" бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо "Кумтөр" Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз дегендей.

- Азимбек Бекназаров: “Теңгиз Бөлтүрүктү жөн эле саясат үчүн камап койду. Алтынды чогуу жешкен. Мына Бөлтүрүк күнөөлүү экен демиш болуп, кайра эле жакында чыгарып коет”,- деп айткан эле. Буга кандай жооп бересиз?

- Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү. Алтын жеген болсок, камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан “мына, качып кетти, алтын жептир” деп койбойт белек. Анын тескерисинче, “качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин” деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ тарабынан жалпысы 15тей тергөөчүдөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай. Себеби, ал - элдин байлыгы да. Андан кийин анан көрөбүз.

- Кемпир-Абад боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети эки тараптуу макулдашууну жактырды. Бирок ошол эле учурда айрым депутаттар, тагыраагы Адахан Мадумаров «Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен» деген маанайда ЖМКга билдирүү жасады. Бул жагы кандай болот?

- Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана.

Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип атабыз да. Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.

Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз.

Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн