Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Россияга болгон иш сапары аяктады.
Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Эки иш-чара тең Ленинград облусунда өттү.
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн жаңы жылдын алдындагы маданий программа тартууланды.
Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 27-декабрда Ош шаарына келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн