Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаровдун Түркияга барышы күтүлүүдө

15.05.2021 11:59
1219
Садыр Жапаровдун Түркияга барышы күтүлүүдө

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барууну көздөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.


Буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOVV) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу баштаган түрк ишкерлер чөйрөсүнүн делегациясы менен жолугушту.


Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кыргыз тарап бир тууган Түркия менен кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.


«Кыргыз тарап түрк тарап менен үзгүлтүксүз расмий байланыштарды, анын ичинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун март айында Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапарын баса белгиледи.


Эки тарап ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарын уюштуруу үстүндө иштеп жатышат.


Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн