Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаровдун артыкчылыктары жана кемчиликтери

09.11.2020 10:54
1366
Садыр Жапаровдун артыкчылыктары жана кемчиликтери


2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору делген талапкерлердин бири – Садыр Жапаров. Ырас анын учурда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр сыяктуу эки тизгин, бир чылбырды бирдей кармап тургандагы ишмердүүлүгү да анын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине же тескерисинче төмөндөшүнө алып келет. Бул жолу биз аталган талапкердин артыкчылыктарына жана ошол эле убакта кемчиликтерине токтолууну чечтик.


5-октябрдын түнүндө болуп өткөн төңкөрүштүн эртеси эле абактан бошотулган Садыр Жапаровдун чагылгандай тездик менен рейтинги көтөрүлгөнүнө көпчүлүк күбө болду. Тарапташтары да мурда байкалгандан алдаканча көп экени билинди. Азырынча президенттикке талапкерлердин рейтингин аныктоо боюнча эч ким сурамжылоо жүргүзө элек. Ошентсе да учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында Садыр Жапаровдон мамлекетте кескин өзгөрүүлөрдү жасай алат деп терең үмүт менен карап тургандар бар.


Анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейте турган негизги жагдай – учурдагы кызматтык абалы (президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр). Иш сапарлары менен республиканын аймактарын кыдырып жүргөнү, эл менен уюштурган жолугушуулары да шайлоодо анын пайдасына иштеши толук мүмкүн. Буга чейин ал Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырып жетишти. Бүгүн болсо кайра Нарын облусун кыдырууда. Эми дагы калган облустарга барышы күтүлгөн иш.


Бүгүнкү күндө мамлекеттик жогорку кызматтарда дээрлик С. Жапаровдун ишенимдүү үзөңгүлөштөрү отурат. Маселен, КР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Талант Мамытов келди. Демек, Садыр мырза ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, шайлоого аттанса, анын ордуна мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп Т. Мамытов калат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, аймактарга жаңы дайындалган губернатор, акимдер да С. Жапаровдун жеңишин камсыздап берүүгө салым кошот. Бир сөз менен айтканда, административдик ресурс бул ирет Садыр мырзанын колунда.


Камчыбек Ташиевдин өлкөнүн түштүгүндө саясий салмагы байкалаарлык бар. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо К. Ташиев А. Мадумаров менен үзөңгү кагыша келген. Бул жагдай дагы С. Жапаровдун мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.


Кыргызстанда жазылбаган саясий салт бар, башкача айтканда президенттик кызматка өлкөнүн түштүк жана түндүк аймагынан чыккан саясатчылар кезектешип шайланып келет. Бул ирет кезек түндүк аймакта, ал эми Садыр Жапаров да түндүк аймактан чыккан талапкер.


Акыркы убактарда чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргыз мигранттары да С. Жапаровду көбүрөөк колдоп жатышканын байкоого болот.


Учурда бийликтин тизгини бул талапкердин колунда болгондуктан ири бизнесмендер, олигархтар, регионалдык кландардын лидерлери жана саясатчылар С. Жапаров менен жең ичинен макулдашууларга барары белгилүү. Жакында эле Өмүрбек Бабанов С. Жапаровдун пайдасы үчүн президенттикке талапкерлигин койбой турганын билдирди. Эми дагы бир топ олигархтар ачык билдирүү жасабаса да, көшөгө артында ушундай кадамдарды жасайт. Бул жагдай да С. Жапаровду жеңишке жетелейт. Шайлоодо олигархтардын финансылык колдоолору маанилүү эмеспи.


Ошол эле убакта Садыр Нургожоевичтин жеңишке жетишине тоскоолдук жарата турган жагдайлар да аз эмес. Ал өзүнүн президенттин милдетин аткаруучу катары кыска мөөнөтүндө өтө чоң кыйынчылыктарга туш келди. Бюджеттин тартыштыгы, коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну, чет элдик инвестициялардын артка кайтышы, кадрдык жүрүштөрдөгү осолдуктар, түрдүү митинг-акциялардын дагы деле уланып жатышы, бир да мамлекеттин аны азырынча расмий тааныбай турганы сыяктуу оорчулуктар алкымдап турат. Эгер ушул кыйынчылыктарды Жапаров эртерээк оң жолго салбаса, анда шайлоочулардын ишеними солгундап кетет.

Эң маанилүүсү ири саясий оюнчулар – Россия, АКШ, Кытай, Казакстан азыркыга чейин Кыргызстандын учурдагы бийлигинин легитимдүүлүгүн тааный элек. Айрым маалыматтарга караганда С. Жапаровдун бийликке келген жолу көпчүлүгүнө жакпай турат. Ошондон улам ал оюнчулар Садыр мырзанын башкы атаандашына басым жасап, финансылык жана башка колдоолорду жасап коюшу мүмкүн.


С. Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана коррупциялык жолдор менен байыган олигархтар менен байланышы бар экени тууралуу узун-кыска кептер айтылып жүрөт. Мындай желип-жорткон имиш кептерге президенттин милдетин аткаруучунун маалымат кызматы жетиштүү, ынанымдуу жооп кыла элек. Экс-президент С. Жээнбековдун да бийлиги дал ушундай алсыз маалымат кызматынын арты менен кыйраганын эстен чыгарбоо зарыл.


Интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында да Садыр Жапаровду колдоочулар байкалалек.


Айтор, Садыр мырзанын да биринчи эле турдан утуп чыгала тургандай мүмкүнчүлүгү азырынча көрүнбөйт. Балким, ал алдыдагы кыска убакытта өзү көчөдөн эле келе калгандарды жогорку кызматтарга койгон катачылыктарын жоюп, өлкөнү саздан алып чыга ала турган кесипкөйлөрдү, кризис менеджерлерди жыйнап, бирдиктүү команда түзө алат чыгар. Ошондо балким анын жеңиши көбүрөөк ишенимдүү болот эле.

 

Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Медет
Бир да президентке талапкерде ЖСН чекиз бийлик болгон эмес. Бул шайлоодо алдыга чыгууга даярдалган куч.Демек адм.лык кучтоо болот.Анын болгон артыкчылыгы.Шайланбай туруп мыйзам бузууларга барышы анын кемчиликтери.
Таалай
Садырдын саясий денгеели томон екенин корсотту.Олкону тартып кете албайт.Админресурс мурункудай колдонот.Шайлоо таза отпойт.