Бишкек шаарынын Свердлов районунда мыйзамсыз курулган жаңы конушка Садыр Жапаровдун атасынын атын ыйгарышкан. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.
"Ак-Бата" конушунун жанында жайгашкан "Адилет" конушунун аталышын Садыр Жапаровдун маркум атасынын атына "Нуркожо-Ата" конушу деп өзгөртүп коюшкан.Жергиликтүүлөрдүн айтымында, конуштагы мечиттин аталышын да "Нуркожо-Ата" деп аташкан.
"Ак-Бата" конушунун тургуну Жыпара Арстанбекованын айтымында, ал конуш 2010-жылы басылып алынып алган жерлер. Ал жерде 500гө жакын үй-бүлө жашайт.
Пикирлер (4)